Аляска саммити: Трамп менен Путин Украинада согушту токтотуу боюнча макулдаша алган жок
Аляскада АКШ лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүсү аяктады. Эки лидер Алясканын борбору Анкориждеги "Элмендорф-Ричардсон" аскердик аэродромунда жолукту. Аляскада президент Путин беш саатка чукул болду.
2022-жылы Украинада согуш башталганы АКШ менен Орусиянын президенттери биринчи жолу жолугушту. Трамп менен Путиндин ар бир тараптан үчтөн киши катышкан сүйлөшүүсү дээрлик үч саатка созулду. Жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында эки лидер бири-бирин мактап, так бир жыйынтык тууралуу айткан жок.
Путин сүйлөшүүнү "натыйжалуу болду" деп, АКШны "төрт гана чакырым бөлүп турган" Орусиянын жакшы "коңшусу" деп атады. Ал кайрадан "украин кризисинин баштапкы себептерине" токтолуп, "жаңжалды токтотуу үчүн аларды жоюу керектигин" айтты.
"Орусия менен АКШнын мамилеси кансыз согуштан берки эң начар абалга жетти. Кырдаалды оңдоо зарыл эле. Андыктан мамлекет башчылардын жеке жолугушуусуна убакыт келди эле", - деди Путин.
Трамп эки тарап "толук түшүнүшүүгө жете албагандыктан макулдашуу да болбогонун" айтты. Ал жолугушууну "өтө майнаптуу" деп, Орусия менен АКШ Украинадагы согуш боюнча көп пункттарды макулдаша алганын айтты. Трамп эми "тынчтыкка жетүү үчүн мүмкүнчүлүк жаман эместигин" белгиледи. Мындан сырткары америкалык лидер чукул арада Аляскадагы сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу Украинанын президенти Валдимир Зеленскийге телефон чалып, маалымат берерин да айтты.
АКШ-Орусия саммити өтө турган Аляска штатындагы Анкориж шаарында Украинага колдоо көргөзүп, бул шаарга Путиндин келишине каршылык билдирген акцияга жүздөгөн киши катышты. Митингдин уюштуруучусу, Stand UP Alaska коомдук уюмунун жетекчиси Эрин Жексон-Хилл журналисттерге орус президенти Владимир Путинди согуш кылмышкери деп эсептээрин, "андай адамга Америка жергесинде орун жок" деген пикирин билдирди. "Авторитардык диктаторлордун Аляска штатына келишине каршыбыз, айрыкча аларды биздин губернатор, же Конгресстеги өкүлдөрүбүз чакырбаган соң", - деп басым жасады Хилл.
Аляска штатында миңге жакын украин качкындары башпаанек тапкан. Кечирээк штаттын борборунда дагы бир нааразылык акциясы өтөөрү күтүлүүдө.
Орусиянын президенти Аляскага баратып, жолдо Магадан шаарына токтоду. Ал жерде аймак жетекчилери менен кеңешме өткөрөөрү белгиленген. Жума күнү эртең менен Аляскага Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Андрей Белоусов жана финансы министри Антон Силуанов учуп барышты.
15-августка караган түнү Орусиянын Курск шаарында он кабаттуу үйгө тийген дрондон имараттын төрт кабаты өрттөнүп, бир киши каза таап, он киши жараат алды. Маалыматты облустун губернаторунун милдетин аткарып жаткан Александр Хинштейн ырастады. Бул күнкү соккулардан Курск облусунда ондон ашуун имарат, арасында мектеп, бала бакча, оорукана жабыр тартканы кабарланды.
Украин армиясынын пилотсуз истребителдери, дрондору Самарадагы мунай иштетүүчү ишканага, Белгород, Самара, Тамбов, Волгоград облустарындагы курулуштарды бутага алганы кабарланды. Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн түнү 53 украин дрону асманда жок кылынганын билдирди.
Украинанын Коргоо министрлиги орус армиясы өткөн түнү эки баллистикалык ракета, 97 дрон менен чабуул койгонун, 64 дрон атып түшүрүлгөнүн, калган соккулар 13 райондо жоготуу, кыйроого алып келгенин маалымдады.