Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Зеленский Трамп менен жолугуу үчүн Вашингтонго барды


Украинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын борбору Вашингтонго барды. Ал 18-августта Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен жолугуп, Аляскадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Вашингтондогу сүйлөшүүлөргө Британия, Италия, Германия, Франция, Финляндиянын президенттери, НАТОнун баш катчысы жана Еврокомиссиянын төрайымы катышат.

Сапар алдына Владимир Зеленский Брюсселге токтоп, Евробиримдиктин жетекчилиги менен сүйлөшүү өткөргөн. Андан кийин Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен кандай гана тынчтык келишими болбосун, анын башкы жыйынтыгы адамдардын өлүмүн токтотуу болушу керектигин билдирген.

Зеленский Фейсбуктагы баракчасындагы соңку билдирүүсүндө Трампка чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, согушту эртерээк токтотууга кызыкдар экенин жазды. Украин президенти бул үчүн согушту баштаган Орусия токтошу керек экенин кошумчалады.

15-августта Аляска штатындагы Анкориж шаарында АКШнын президенти Дональд Трамп менен орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өттү.

Анда Украинадагы согушту токтотуу маселеси сүйлөшүүнүн башкы күн тартибинде болду. Жолугушууну эки президент жемиштүү деп сыпаттаганы менен Трамп Украинадагы согуштуу токтотуу боюнча келишимге жетише албаганын билдирди.

Сүйлөшүүлөр маалында Путин согушту токтотуу үчүн Украина Донецк жана Луганск облустарынан аскерлерине толук чыгарып кетүүсүн жана Крымды Орусияныкы деп таанууну талап кылганын маалымат каражаттары өз булактарына таянуу менен жазып чыгышты. Расмий Киев мындай сунушка макул болбосун буга чейин эле айтып келе жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG