Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Пакистандагы суу ташкыны: 20 кишинин сөөгү табылды, каза тапкандар 350дөн ашты


Пакистан
Пакистан

Пакистандын катуу суу ташкыны болгон Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы тоолуу кыштакта 19-августта куткаруучулар дагы кеминде 20 кишинин сөөгүн тапты. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирди.

15-августта күтүүсүз нөшөрлөгөн жаандан кийин суу каптаган. Андан бери каза тапкандардын жалпы саны 358ге жетти. Анын 200дөн ашыгы суу ташкындан көп жабыркаган Бунер районунун жашоочулары. Дагы 100дөн ашуун киши дайынсыз.

Суу ташкыны үй, имараттарды талкалап, кишилерди агызып кеткен.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, курмандыктардын 30у балдар. Бул аймакта нөшөрлүү жаан сейрек көрүнүш. Өкмөт 10-сентябрга чейин өлкөдө дагы жаан-чачын жаашы мүмкүн экенин эскертти.

Жергиликтүү эл өткөн аптадагы нөшөр тууралуу өз убагында эскертүү бербеди деп бийликти айыптап жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG