Коргоо министрлиги 16-августта Жеңиш чокусунан түшүп келатканда жабыркаган Германиянын бир, Орусиянын бир жаранын жана каза болгон италиялык альпинисттин сөөгүн тик учак менен Караколдогу аэропортко алып келип, андан ары ооруканага жеткирди.
Окуя болгон жерге Ми-17ВМ тик учагы жөнөтүлүп, калган жарандарды эвакуациялоо иштери аягына чыккан эмес. Буга аба ырайынын кескин өзгөрүп кетиши жана караңгы кирип кеткени себеп болгон.
Алгач кырсык болгон жерге 16-августта Ми-8 аскердик тик учагы жөнөтүлүп, бирок аба ырайы бузулуп, тик учак тоого катуу конгонун Коргоо министрлиги билдирген. Курмандыктар жок, борттогулар жаракат алган.
Ал тик учак менен жөнөтүлгөн 13 куткаруучу "Түндүк Эңилчек" участогунан "Чар-Кудук" лагерине жеткирилди. Алардын абалы канааттандырарлык экени айтылды.
Альпинисттерди эвакуациялоо иштери бүгүн да уланат. Мындан тышкары тармактык адистер тоого катуу конуп, кырсыктаган Ми-8 тик учагынын техникалык абалын кароону, окуянын чоо-жайын иликтөө иштерин улантат.
Жеңиш чокусу кыргыз-кытай чек арасындагы Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан. Бийиктиги 7439 метр. (KS)