Израил: Нетаньяхунун кооптуу планы, жапырт нааразылык
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Миңдеген израилдиктер жекшембинин кечинде Тель-Авивде нааразылык акциясына чыгышты. Бул Газа тилкесинде барымтада отурган туткундардын жакындарын колдоо көрсөтүү үчүн өлкө боюнча башталган иш таштоонун бир бөлүгү болду. Көчөгө чыккандар Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну согушту токтотуп, калган туткундарды бошотуу үчүн ХАМАС менен макулдашууга барууга үндөштү.