Кыргызстанда август айынын башында 1916-жылдагы Үркүн окуясын эскерген жүрүш өттү. “Тосор” коому жана “Эсимде” изилдөө платформасы уюштурган жүрүш жылдагыдан узагыраак болуп, төрт күнгө созулду. Ага көбүрөөк адам катышып, кырктан ашуун адамдан турган экспедиция Сары-Мойнок ашуусуна чейин жетти. Жүз тогуз жыл мурда болгон кандуу окуя азыр кандай изилденип жатат? Адамдар жапырт өлгөн жерлерде археологиялык иштер жүрүп жатабы? Үркүндү эскерип туруу эмне үчүн маанилүү жана эскерүү иш-чаралары кандай форматта жүрүшү зарыл? “Куугунтук курмандыктары” подкастыбызда ушул маселени талкуулайбыз. Студиянын коноктору ишкер, “Тосор” коомунун жетекчилеринин бири Айбек Сарыгул жана изилдөөчү, тарыхчы Гүлзат Алагөз кызы.
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жайлоолорду коргоого чакырды. Президент жайыттардын такырайып кетүү себебин малдын көбөйүп кетишинен көргөн. Экологдор болсо туризм маселеси, экологиялык аң-сезимдин төмөндүгү дагы көйгөйдү ырбатып жатканын белгилешет.
Бишкектин Көк-Жар-2 конушунун 172-контурунда мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу учурунда кармалган беш киши Октябрь райондук сотунун чечими менен 10 күнгө убактылуу кармоочу жайга камалды.
Кыргызстанда быйыл чегиртке жылдагыдан да көбөйүп, айыл чарбасына олуттуу коркунуч жаратты. Айыл чарба министрлиги 92 миңден ашуун гектар аянтты дарылоого аргасыз болду.
Жети-Өгүздүн Тосор айылында Кыргызстандын бардык аймагындагы калемгерлердин башын кошкон "Омор Султанов - поэзиянын султаны" аттуу маданий иш-чара өттү. Анда акындын ырлары окулуп, ырдалды. Омор Султановдун кыргыз поэзиясына салган чыйыры айтылды.
Акыркы жылдары балдардын тиши эрте кетип жатканы айтылып келет. Буга эмне себеп болууда? Тамак-аш сапаты начарлап, экологиянын бузулушубу? Эмне үчүн кош бойлуу аял тишине кам көрүшү керек?
Кыргызстанда тоо үстүндөгү көлдөрдүн дагы бири жырылды. Сел коркунучунан улам Ысык-Ата районундагы үч айылдын тургундары эвакуация болду. Адистер климат өзгөрүп, аба табы жогорулаган сайын мындай кырсыктар көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишет.
Реали сайтына жарык көргөн макаланы кыргыз тилине Санжи Туйтунова которду.