Бүгүн АКШнын алыскы Аляска штатында АКШнын лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин 15-августта жолугуп, Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү башталды. Бул жолугушууга украин президенти Владимир Зеленский катышпайт.
15-августта Аляскада АКШ президенти Трамп менен орус президенти Путин жолугушат. Анда эки лидер Украинадагы согушту талкуулашат. Европалык лидерлер, украин президенти Трамп менен шаршембиде онлайн жыйын өткөрүп, Украинадагы 3 жарым жылга аяк баскан согушту токтотуудагы позицияларын такташты.
Нарында эки айыл менен облус борборунун ортосундагы жалгыз көпүрө кыйрап, кырсыкта сууга аккан бир адамдын сөөгү изделип жатат.
Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган 91 миң жараны 10-сентябрдан кийин өлкөгө кайтарылышы мүмкүн. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим киргизилгенден бери мындагы чет элдиктерди текшерүү күч алган.
Бишкек мэри калаадагы "Ататүрк" паркындагы курулган үйлөр бузулбай, ал жактагы турак-жай ээлери паркты өнүктүрүү үчүн акча берерин билдирди.
Кошмо Штаттардын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депоратицияланган 25 кыргызстандык 9-августта атайын каттам менен Бишкекке жеткирилди.
Өкмөт мобилдик аппараттарды каттоону УКМК көзөмөлдөрүн билдирди. Кыргызстанда чөнтөк телефондорду милдеттүү каттоо өткөн жылы июнь айынын этегинде башталган. Анда өкмөт аткезчиликтин алдын алуу, телефон уурдоо жана шылуундукту жок кылууну көздөп жатканын түшүндүргөн.
Газадагы "Аш-Шифа" ооруканасынын жанында израил армиясынын (ЦАХАЛ) соккусунан "Ал-Жазира" телеканалынын беш журналисти набыт болду. ЦАХАЛ журналисттердин бири Анас аш-Шариф Батышта террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунун "уюгун жетектеген" деп билдирди.
Украинадагы согушта жоготуулар көбөйгөнү орус бийлиги абактагыларды, армия курагына жеткендерди, алыскы региондордон этностук азчылык өкүлдөрүн жана борбор азиялык эмгек мигранттарын майданга күчтөп жалдоо тактикасын бекемдеп жаткандай.
Израилдин Коопсуздук кеңеши Газа шаарын оккупациялоо планын жактырды. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху ЦАХАЛ Газа тилкесине толук аскердик көзөмөл орноторун билдирген. Тель-Авивдин мындай билдирүүсү эл аралык коомчулукта жана Израилдин өзүндө кескин сынга кабылды.
Көк-Жар конушундагы 172-контурунда курулуштарды бузуу учурунда кармалган беш киши он күнгө камалды. Конуштун тургундары бийлик башчыларына кайрадан кайрылды. Шаар мэри Айбек Жунушалиев мыйзамсыз делип, үй-жайы бузулгандардын маселесин чечүү үчүн президентке сунуш бергени маалым болду.
Украинадагы согушта орус күчтөрү колдонгон дрондорду чогулткан “Алабуга Политех” окуу жайына тапшырган кыргызстандык студенттер арбын. Алар окуу жайга онлайн оюн аркылуу тандалып алынган. “Азаттык” бул улан-кыздардын ата-энелери менен маектешти.
Дагы жүктөңүз