Ош шаары түрк дүйнөсүн бириктирди
«Ош шаары - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын жабылуу аземинин алкагында Ошто ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна кирген өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 37-отуруму өттү. Иш-чарага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дюсен Касеинов, Кыргызстандан тышкары Азербайжандын, Түркиянын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Казакстандын маданият өкүлдөрү келишкен. 2018-жылы 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин №36 отурумунда Ош шаары 2019-жыл үчүн «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган. Ош шаарындагы иш-чаралар 2019-жылдын апрель айында башталган.
Чыгарылыштар
-
Август 19, 2025
Ак үйдө Трамп менен Зеленский жолукту
-
Август 18, 2025
Израил: Нетаньяхунун кооптуу планы, жапырт нааразылык
-
Август 17, 2025
Реестрге кирген мигранттар Орусиядан чыгарылабы?
-
Август 15, 2025
Трамп менен Путин Аляскага жетти