Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:03

Көк-Жардагы "снос": Там-ташы бузулгандарга МИКтен үй берилет


Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз тилкелерге турак жай салып, үйү түрттүрүлүп жаткандарга МИК аркылуу үй берүүнү тапшырганын билдирди. Көк-Жар конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине салынган имараттарды буздуруу учурунда чыр чыккан. Мындай көрүнүш башка конуштарда да чыгышы мүмкүн.

14-августта президент Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде 2005-жылкы ыңкылаптан бери жерлерди өзүм билемдик менен басып алып там салып жашап жаткан он миңдеген кожолуктун үйлөрүн бийлик мыйзамдаштырып бергенин айтты.

Бирок 2021-жылга чейин салынган гана үйлөргө документ берилгенин, айрым аймактардагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, алар менен чогуу иш кылган адамдар бош жаткан жерлерге документ жасап, сатып акча жасаган учурлар бар экенин кошумчалады. Садыр Жапаров мамлекет турак жай түшкөн бардык жерди мыйзамдаштыра берсе айыл чарба жерлери тарып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келерин билдирди.

“Снос” өнөктүгү: Үй-жайы бузулгандардын үнүн ким угат?
please wait

No media source currently available

0:00 1:04:11 0:00

Там-ташы буздурулгандар чындап эле жашай турган жери жок болсо Мамлекеттик ипотекалык компаниядан кезексиз үй берилерин кошумчалады:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Үй салчу жерлерибизге эң жок дегенде көп кабаттуу үйлөрдү салалы. Бир киши батчу жерге он кишини батыралы. Бизден кийин да урпактарыбызга жашоо бар экенин унутпайлы. Альтернативдүү сунуш боюнча сурооңузга, мен дайыма "үйү снос" болуп жаткан жарандарыбызды талаада калтырбагыла, МИКтен кезексиз үй бергиле деп мэрлерге айтып жатам. Эгер чындап эле үйү "снос" болуп жаткан жарандарыбыздын башка жакта жашоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, МИКтен үй беребиз”, - деген президент.

Көк-Жар конушунда түрттүрүлгөн коммерциялык объектилердин бири. Мында мыйзамсыз деген объектилерди бузуу 5-августта башталган.
Көк-Жар конушунда түрттүрүлгөн коммерциялык объектилердин бири. Мында мыйзамсыз деген объектилерди бузуу 5-августта башталган.

Жакында эле Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине салынган имараттарды буздуруу учурунда чыр чыккан. Бишкек мэриясы өз маалыматында бул конуштагы 385 курулуштун арасында мыйзамга туура келбеген 236 объект бар экенин билдирген.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө түз эфирде сүйлөп жатып, аталган конушта адамдар жашап жаткан үйлөр азырынча сүрдүрүлө электигин айткан. Анын маалыматына ылайык, конушта милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыздап, оор техника кирген маалда бузулган 43 объектинин баары коммерциялык жана башка багыттагы имараттар болгон.

Көк-Жардагы объектилерди бузуу учурунда жергиликтүүлөр чогулуп, буга каршы чыккан. Алар президент Жапаровго да кайрылып, токтотууну өтүнгөн
Көк-Жардагы объектилерди бузуу учурунда жергиликтүүлөр чогулуп, буга каршы чыккан. Алар президент Жапаровго да кайрылып, токтотууну өтүнгөн

Мэр Жунушалиев ошондой эле үйлөрү бузула тургандарга альтернативдүү жол катары МИК салып жаткан үйлөрдөн батир берүү жагы каралып жатканын айткан.


Шаар бийлиги айтып жаткан 172-контурда жер там салып, жашап жаткан Замир Орозалиевдин үйү да мыйзамсыз экени айтылып, бузула тургандардын катарына кирген. Бул маалыматты уккандан бери Замир Орозалиев жана анын кошуналары кабатыр болуп турат.

Алар жергиликтүү бийлик аймактагы коммерциялык объектилерди бузуп кеткенден бери эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзө электигин, башка сунуш-пикир түшө электигин билдирүүдө:

"Бизге кандайдыр биз сунуш айта элек. "Үйүңөрдү бузабыз, анан анын ордуна МИКтен үй аласыңар" деген нерсени биз тажрыйба жүзүндө көргөнбүз. Орто-Сай базарындагы көп кабаттуу имараттан 30дай үй-бүлөнү чыгарып, убагында сатуу туура эмес болгон дешпеди беле. Ошондо ал тургундарга МИКтин үйлөрүнөн берилет деп, үйлөрүнөн алдап чыгарып коюшкан. Иш жүзүнө келгенде 30 үй-бүлөнүн онуна үй алууга уруксат берди, калгандарына "айылда силерге катталган үй бар экен" деп бербей коюшту. Айылда эч ким жашабаган кепе сага катталган болсо, Бишкектен ошондо үй албай калат экенсиң. Мисалы, менин агам ошондон улам үйсүз калды. Бизге болсо конкреттүү бир сунуш айта элек. Ич ара балким бир маселени чечип атышкандыр, бирок, "беребиз" же "башка жолун караштырабыз" деп айтышкан жок. Болгону "бузула турган үйлөр бузулат" деген бойдон эле турушат. Азыр конушта оор техника иштеген жери жок, эл улам-улам чыгып аткан, бирок, коркуп калдык. Мисалы эркектер чыкпай, жалаң аялдар жүрүшөт. Чыксак эле камап, а камагандан кийин өзүңө эле эмес бир туугандарыңа, балдарыңа чейин доо кетип атпайбы. Азыр жөнөкөй конуштарда 1 сотых жер кем дегенде 10 миң доллардан, мэрия болсо Ататүрктөгү жерлерди сотыхына 4,5 миң сомдон бердик дейт. Ал жерлер жалпы кыргыз элинин кенчи, ар бир кыргыздын ал жерде укугу бар. Ал жерлер 4,5 миң эмес, 45 миң доллардан сатылбашы керек эле. Ал эми биздин жерибиз айдоо, бирөөнүн үлүш жери болгон жана Бишкекке карачу эмес. А Бишкектин курамына киргенде, жалпы жер менен кошо курулган үйлөрдү эли менен кошо киргиздида. Демек, баарын эсептеп чыгып туруп киргизип, ошого жараша иш кылыш керек эледа",- дейт Көк-Жар конушунун тургуну Замир Орозалиев.

Конуштун бул тургуну убагында ушул жерлерди карапайым жарандарга саткан, аларга сатууга көмөк көрсөткөндөр жаза албай, жер сатып алып, үй салгандар гана жоопкерчилик тартып, адилетсиздик болуп жатат деген ойдо.

Көк-Жарда кашаалары тозулуп, дарбазасы тургузулган, пайдубалы куюлган бирок курулушу толук бүтө элек үйлөр да буздурулган.
Көк-Жарда кашаалары тозулуп, дарбазасы тургузулган, пайдубалы куюлган бирок курулушу толук бүтө элек үйлөр да буздурулган.

172-контурдагы айдоо жерлерге мыйзамсыз турак үйлөрдү курууга уруксат берген деген шек менен Аламүдүн райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы (М.К.), Бишкек шаарынын мэриясына караштуу аза кызматын көрсөтүү мекемесинин директору (Д.Э.) жана Аламүдүн райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы (А.Н.) кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына 11-августта киргизилген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлганын билдирген.

Бишкектеги мыйзамсыз курулуш: Тургундар менен милиция тирешти
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:46 0:00

Ошондой эле тергөөдө 8-августта 63 жаштагы И.Г. аттуу жаран кармалып, ага “Көк-Жар конушундагы жолду мыйзамсыз тосууну уюштурган жана каржылаган” деген кине коюлган. Жалпысынан 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени боюнча жарандардан бир нече арыз түшкөн. Аталган жаран айрым кызмат адамдары жана мамлекеттик кызматкерлер менен келишип алып, жарандарды жол тосууга үгүттөп жана башка чагымчыл аракеттерди жасаганы айтылат. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

2018-2020-жылдары Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси, андан кийин мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштеген Балбак Түлөбаев ошол жылдары шаарды кыдырып мыйзамсыз курулуштар боюнча эл менен жолугушуу өткөргөнүн эске салды. Ошол кезде Көк-Жар конушуна да барып, үйлөр туура эмес салынып атканын белгилеп, тийиштүү органдарга тапшырма бергени менен жыйынтык болбогонун айтууда.

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

"Мен аппарат жетекчи болуп турганда Көк-Жарга баргам. Ошондо каналдын жээгине "Туңгуч" кичи районуна карай базар өңдүү курулуш салып аткан экен. Бирок коргоого алынган аймак катары Чоң Чүй каналынын жээгине, башка ушул өңдүү каналдардын жээгине кем дегенде 10 метр эчнерсе салынбашы керек. Бирок ал кезде мени уккан эчким болгон эмес. Кийин мэр болгондо да барып, Көк-Жарга үй салып алгандарга, жаңыдан курулуш баштап аткандарга айткам, "курулуш мыйзамсыз, болбойт" дегем. Себеби алар ошол кезде Чүйдүн Аламүдүн районунун курамында туруп, Бишкек шаарынан суу, электр жарыгына кошула башташкан. Ошондо Чүйдүн губернаторуна да кайрылып, "бул жерге үй салдырбагыла, туура эмес, эртең чатак чыгат" десем, мени укпай коюшкан. Бишкекке бул коркунуч алып келип жатышканын, жол, электр жарыгы, суу алуу кыйынга турарын, эл ансыз да көп экенин айткам. Мен колуман келишинче уруксат бербей жүрдүм, каршы болдум. Көк-Жардагылар 2021-жылдын декабрына чейин жарыяланган мунапыска туура келбейт, себеби көбү курулушту 2022-жылы баштап, кирип жашап алышкан. Бирок биз мыйзамга ылайык жашашыбыз керек".

"Эми кайда барып жашайбыз?" Кара-Суу районундагы "снос"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00

Жогорку Кеңештин депутаты мэрия Бишкек шаарынын Башкы планына жараша ишти улап кетиши керек деген пикирде.

"Биз бул жарандардын үйлөрүн бузушубуз керек. Себеби мыйзамга шайкеш жашаш керек. Ушул жерлерди берген алдамчыларды кармап, катуу жазага тартуу керек. Эгер президент Жапаров айкөлдүк кылып, үйсүз калгандарга МИК аркылуу батир берем десе ал кишинин эрки. Ататүрк сейил багындагы жерлер боюнча да белгилей кетиш керек. Ал жерде албетте үй салынбашы керек эле, бирок, убагында чечимдерди чыгартып, баарын мыйзамга шайкеш келтиргендер болгондуктан, ал үйлөрдүн ээлери менен мэрия мунасага келип атпайбы. Ал эми Көк-Жардагы үйлөрдүн документтери да жок да. Жөн эле барып салып алышкан. Ататүрктөгүлөрдүн кызыл китеби, уруксат кагаздары бар. А булардыкы эч нерсе жок, айырма мына ушунда. Мындай үйлөр Бишкектин тегерегинде көп, айыл-чарба багытындагы жерлерди үй салганга деп трансформация кылышкан эмес. Кызыл китептин да эки түрү болот. Биринчиси - айыл чарба багытындагы жерлерге кызыл китеп берилет. Анан курулушка деп өзүнчө кызыл китеп алуу зарыл. Аны элге түшүндүрө албай атабыз. Эл кызыл китеп болсо эле каалаганыбызды кылабыз дешет, бирок каалаганыңды кыла албайсың азыр".

Бишкектин жака белинде 47 конуш бар. Депутат Түлөбаев мындай көрүнүш "Кут" конушунан, Ак-Өргө 1,2,3 конуштарынан, "Дордой" базарынын айланасындагы конуштардан да чыгышы ыктымал деп божомолдоп жатат.

Азыр МИК салып жаткан үйлөрдүн жалпы аянты 7500 чарчы метрди түзөт.

Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй алууну каалап, кезекке тургандардын саны бүгүнкү күндө 40 миң 411 адамды түзөт. Үй алгандардын саны болсо 9 миң 799 жаран.

Мамлекеттик ипотекалык компания бул жарандарга кандай шарт менен үй берери тууралуу азырынча беймаалым. Компания бул тууралуу үн ката элек.

Президент өз маегинде турак жайы мыйзамсыз салынганы аныкталгандардын андан башка мүлкү жок болсо МИК аркылуу кезексиз үй берилерин билдирди. Компаниянын сайтындагы үй берүү шарттарына ылайык, мекемеден үй алууну каалаган жарандын башка жер там, батир, жер участогу болбоосу шарт. Ал жаран ошондой эле соңку үч жылда кыймылсыз мүлккө байланыштуу алып-сатуу келишимдерин ишке ашырбоосу талап. Компания үйү снос болгондорго 8% чен менен өзү куруп жаткан үйлөрдөн батирди "үлүш" негизинде бериши мүмкүн. Бул учурда жаран мүлкүн жалпы наркынын 50% дароо төлөп бериши талап кылынат. Андан сырткары баштапкы төлөмү жок батир алууга да мүмкүн.

Мамлекеттик ипотекалык компания Көк-Жар жана башка конуштарда салынган үйлөрү бузула тургандар үчүн өзүнчө тартип иштеп чыгабы, жокпу маалымат жок.

МИК аркылуу бүгүнкү күндө 9 миң 799 жаран үй алды. Мындай үйлөр өлкө аймактарында да курулууда.
МИК аркылуу бүгүнкү күндө 9 миң 799 жаран үй алды. Мындай үйлөр өлкө аймактарында да курулууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Көк-Жардагы үй салынган жерлер баштапкы калыбына келтирилерин, бирок аны кийинки колдонуу максаттары Бишкектин башкы планы даяр болгондон кийин маалым болорун айтты. Орунтаев ошондой эле аталган конуш 2006-жылы иштелип чыккан башкы планда Бишкектин курамына кирген деген маалыматты төгүндөдү.

"Ар бир үйдүн өзүнүн документи болушу керек. Бул - мамлекеттик акт, тагыраагы "кызыл китеп". Бирок кызыл китеп дароо эле курулуш иштерин баштап кетүүгө жол ачат деген жаңылыш ой. Жердин үстүнө салынып жаткан объектинин өзүнчө документи болот. Ага ылайык, уруксат кагаздары алынып, долбоору чийилет. Анан эле "менин кызыл китебим бар, мен курулушту жүргүзө берсем болот" дегенге мыйзам өзү жол бербейт. Ал Курулуш агенттигин мурда башкарган Ишенбай Кадырбеков Көк-Жар конушу мурда эле Бишкектин курамына кошулган дегени менен, бул жерлер былтыр Административдик аймактык реформанын негизинде калаанын курамына эми кошулуп аткан жерлер. Аны да биз туура түшүнүшүбүз керек. Президент Жапаров мунапыс жарыялап, анын негизинде көп үй ээлери документ алды. Ал эми бузулары айтылып жаткан турак жайлар кийин курулган. Президентибиз туура айтып атат, ар бир жаран үйлүү болгонго укуктуу, ошол себептен МИК аркылуу үй алса болот".

МИК батирлерди мурдай-кийин үй албаган, мүлк катталбагандарга батирлерди 25 жылга бөлүп төлөө менен 4 жана 8% үстөк менен берет.
МИК батирлерди мурдай-кийин үй албаган, мүлк катталбагандарга батирлерди 25 жылга бөлүп төлөө менен 4 жана 8% үстөк менен берет.

Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине салынган имараттардын ээлери президентке кайрылып, турак жайын бузбоону суранган.

Ушул тапта жер-жерлерде, өзгөчө Бишкек менен Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген турак жайлар, дубалдар жана башка курулуштар бузулуп жатат.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG