Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге кирип калган 91 миң кыргыз жараны сентябрдан тарта өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн. Тизмеге кирип калган айрым кыргызстандыктар алардын балдары дагы чектөөлөргө туш болуп жатканын билдирүүдө.
Ош шаарындагы каналдардын жээктери бошотулуп, корук зонасы ачылууда. Шаарды жети канал жана бир дарыя аралап өтөт. Көбү тосуп алышкандыктан элдин каналдар тууралуу маалыматы дээрлик жок болчу. Мэрия бул каналдардын, Ак-Буура дарыясын ээлеп алгандардын арасында чиновниктер бар экенин билдирген.
Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз тилкелерге турак жай салып, үйү түрттүрүлүп жаткандарга МИК аркылуу үй берүүнү тапшырганын билдирди. Көк-Жар конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине салынган имараттарды буздуруу учурунда чыр чыккан. Мындай көрүнүш башка конуштарда да чыгышы мүмкүн.
Кыргыз өкмөтү эттин баасын көзөмөлгө алып, үч айлык көзөмөл киргизмей болду. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында, мындан ары аймактарда жана борбордо эттин баасы 650-690 сомдон сатылууга тийиш.
Кыргыз өкмөтү эттин баасын көзөмөлдөп, 1 кг эттин баасын 700 сомдон ашырбоону талап кылууда. Соңку учурда мал этинин баасы кескин өсүп, Министрлер кабинети эттин баасына 3 ай көзөмөл киргизүүнү чечти. Мындай чара абалды канчалык жөнгө сала алат?
Нарында эки айыл менен облус борборунун ортосундагы жалгыз көпүрө кыйрап, кырсыкта сууга аккан бир адамдын сөөгү изделип жатат.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Октябрь айылында жаңы салып жаткан турак үйлөрү сүрдүрүлгөн 10дон ашык жаран президенттин Ош облусундагы өкүлүнө кайрылды. Алар аталган жер тилкесине 2018-жылы токтом чыгып, элге бөлүнүп берилгенин, учурда жашап жаткандар да бар экенин айтып жатышат.
Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган 91 миң жараны 10-сентябрдан кийин өлкөгө кайтарылышы мүмкүн. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим киргизилгенден бери мындагы чет элдиктерди текшерүү күч алган.
Бишкек мэри калаадагы Ататүрк паркында курулган үйлөр бузулбай турганын, ал жактагы турак жай ээлери менен бир пикирге келгенин, алар паркты өнүктүрүү үчүн каражат берерин билдирди. Мындай мунаса көп жылга созула турган соттошууларды болтурбоо үчүн кабыл алынган.
Ошто буга чейин бузулган базарларда соода кылган 200гө чукул жаран жаңы базардан орун жетпей калганынына нааразы болуп чогулду. Алар шаардагы “Бостон”, “Бексултан” базарында, мурунку автобекеттин айланасында соода кылышчу.
Бишкек мэри калаадагы "Ататүрк" паркындагы курулган үйлөр бузулбай, ал жактагы турак-жай ээлери паркты өнүктүрүү үчүн акча берерин билдирди.
Жогорку Кеңеш көп аялдуулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин жойгон мыйзам долбоорун колдоду. Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүү менен кош никеге тургандарга жазаны жойгон долбоорго президент кол койбой, артка кайтарганда гана ачыкка чыкты. Талаштуу документ кантип өтүп кеткени коомчулуктун бүйүрүн кызытууда.
Дагы жүктөңүз