Ош мэриясы жакында 35 жыл пайдаланылбай турган “Жаңы-Арык” каналы оңдолуп, кайрадан ишке киргенин жарыялады.
Корук аймакта имараттары жайгашкан делген жеке менчик ээлеринин айрымдары курулушка өз учурунда мамлекеттик органдар макулдук бергенин билдирип жатышат.
Ак-Буура-Араван, “Жекелик”, “Увам”, “Жөө Бас”, “Южный”, “Муян”, “Кайрыма”, “Жаңы-Арык” каналдарынын жээктеринин айрым жерлери бетондолуп, көрүнбөй калган. Ал эми башка жерлерде каналдардын үстүнө ар түрдүү курулуштар курулган.
Ак-Буура дарыясынын жээги менчиктешип кеткенин буга чейин мэрия жар салан. Мекеменин маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов корук аймакты менчиктеп алган аткаминерлердин атын атады:
«Шаарда жети канал жана бир дарыя бар. Учурда алардын жээктерин ар түрдүү курулуштар ээлеп алган. Айта кетсек, корук зонаны ээлеп алгандардын катарында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары, экс-депутаттар Акматбек Келдибеков, Асылбек Жээнбеков, Салык кызматынын жетекчиси жана башка чиновниктер бар. Биз тараптан эскертүүлөр берилип, учурда бузуу иштери жүрүп жатат».
Шардагы каналдардын корук аймагына кирип калган курулуштар союз учурунда салынып, ага тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер макулдук бергенин айткандар да жок эмес. Ош шаарынын борборунда жайгашкан “Эки дос” тамактануучу жайынын ээси Айдар Бакыев мүлкү бузулуп жатканына нааразы:
«Мен бул жерди 1993-жылы Мамлекеттик мүлк фондунан сатып алгам. Имарат 1988-жылы бүткөн. Эми күтүп турам, сотко кайрылганда эмне болот билбейм», – деди Бакыев.
Каналдардын жээктеринин бошотулушун кубаттагандар да арбын. Ош шаарын аралап өткөн каналдардын көпчүлүгү Кара-Суу, Араван райондорундагы бир нече айыл аймактарды сугат суу менен камсыз кылат. Негизинен шаарды аралап өткөн каналдар жана дарыя Суу чарба башкармалыгынын балансында турат.
Аталган мекеменин жетекчиси Руслан Абибиллаев буга чейин корук аймактар эмнеге алынбай келгенинин себебин түшүндүрдү:
«Шаарда сугат жер жок болгондуктан, мурда көп маани берилчү эмес. Бирок шаардан чыккан соң суу айыл аймактарга жеткирилчү. Ал жакта техника кеңири иштечү. Шаардын ичинде зарыл учурларда гана тазалоо иштери жүрүп турчу. Биз шаар ичиндеги корук аймакты толук ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес элек. Акыркы эки-үч жылда каражат бөлүнүп, оңдоо-түзөө иштери башталды. Ага чейин каражат маселеси көйгөй болгон».
Ошко жыл башында мэр болуп келген Жеңишбек Токторбаев күн сайын шаарды кыдырып, борбордук көчөлөрдөгү курулуштарды «кызыл сызыкка чыгып кеткен» деген негизде бузуу тапшырмасын берген. Акыркы убакта шаарды аралап өткөн каналдардын абалы менен таанышып, жарандардан суу жетпей жатканы тууралуу кайрылуулар болуп жатканын айткан.
«Шаардыктар менен сүйлөшсөм, алма бакты сугарганга суу жок экенин айтышат. Алар ичүүчү таза сууну бак сугарууга пайдаланып жатышканын билдиришти. Союз учурунда суу келип турчу дешет», – дейт мэр Жеңишбек Токторбаев.
Жазында Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун да Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жери мамлекетке кайтарыла турганынын Токторбаев билдирген. Бирок ал жерлердин мэриянынын карамагына өткөнү жөнүндө маалымат бериле элек.
Калаанын башкы планынын мөөнөтү 2024-жылдын соңунда бүткөн. Учурда жаңы документ бекитиле элек болгондуктан, кызыл сызыкка чыгып кеткен имараттарды сүрдүрүү иштери эски планга таянып жүргүзүлүүдө. Бирок жарандарга корук аймактардагы жерлерди мыйзамдаштырып берген жетекчилердин бири да азырынча жоопко тартылган эмес.
Шерине