Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:59

Ноокенде өз жанын кыйды деген келиндин өлүмү иликтенүүдө


Асынып каза болгону айтылган Э.Н.
Асынып каза болгону айтылган Э.Н.

13-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 2001-жылы туулган келин өзү жашап жаткан үйдүн жайкы ашканасында асынып каза болгонун облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

13-август күнү Ноокен райондук милициясына "Тез жардам" кызматынан маалымат түшүп, факт Ноокен РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Тергөө тобу маркум Э.Н. сөөгүнө сырттан кароо жүргүзгөн учурда жарааттар аныкталган эмес. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Маалыматка караганда, келин жолдошу менен 2023-жылдын август айында ажырашып, кайра ушул жылдын апрелинде жарашкан. Маркумдун жакындары, бир тууган эжеси Элвира Эмилбек кызы буга чейин күйөө баласы сиңдисине кол көтөргөнүн айтып, окуяны кылдат териштирип берүүнү укук коргоо органдарынан суранган. Жакындары карындашынын колу жана буту шишип кеткени, ал эми аркасында көгала так бар экенин билдирип жатат. (KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG