Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:51

Ооганстан: "Талибандын" министрлери туруктуу ыйгарым укуктарга ээ болду


2021-жылдын 15-августунда Кабул шаары талибдердин колуна өткөн.
2021-жылдын 15-августунда Кабул шаары талибдердин колуна өткөн.

Ооганстанда "Талибан" кыймылынын лидери Хайбатулла Ахунзада министрлерге туруктуу ыйгарым укуктарды берүүчү жарлыкка кол койду.

Бул жарлыкка ылайык, министрлер "милдетин аткаруучу" макамында болбойт. Мындан ары "Талибдердин" бийлиги расмий бекемделип, өкмөт мүчөлөрү туруктуу ыйгарым укуктарга ээ болот.

Бул чечим 2021-жылдын 15-августунда Кабул шаары талибдердин колуна өтүшүнүн төрт жылдыгына карата кабыл алынды. Ал күнү "Талибан" өлкөдө бийликке келип, өкмөттү кулаткан.

Бийликке келгенден бери талибдер өлкөдө катуу ислам мыйзамдарын киргизишти. Анын ичинде аялдар менен кыздардын билим алуу, иштөө жана коомдук турмушка аралашуу укуктары кескин чектелди.

Адам укуктарын коргоо уюмдары жана БУУ талибдердин аялдарга карата дискриминациялык саясатын үзгүлтүксүз сындап келишет. Азыркы учурда аялдарга коомдук жайларга кирүүгө, айрым тармактарда иштөөгө жана алтынчы класстан жогору билим алууга тыюу салынган.

БУУнун маалыматына караганда, 23 миллиондон ашуун ооган жараны жардамга муктаж, бирок бийликтин кийлигишүүсү эл аралык гуманитардык жардамдын жеткирилишин катаалдаштырып жатат. Эл аралык уюмдар жардамды ачык-айкын жана биринчи кезекте муктаждарга жеткирүүнүн жолдорун издөөнү улантууда.

3-июлда Орусия дүйнөдө биринчи болуп талибдердин бийлигин расмий тааныды. Ага чейин Москва "Талибан" кыймылын "кара тизмеден" чыгарган. (KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG