Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:29

Жарандык активист Бекназар Айталиев 6-сентябрга чейин камалды


Beknazar Aitaliev - Бекназар Айталиев.
Beknazar Aitaliev - Бекназар Айталиев.

“Трансформация” элдик кыймылынын координатору, жарандык активист Бекназар Айталиев 6-сентябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоочу Тимур Махмудов билдирди.

Анын сөзүнө караганда, активисттин бөгөт чарасы 16-августта Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралып, судья Бекназар Айталиевди камакта калтырган. Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлууда. Укук коргоо органдары кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек.

Бекназар Айталиев 7-августта борбордогу Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурунда мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу иштери жана жалпы эле Кыргызстандагы жер мунапысы тууралуу басма сөз жыйынында сөз сүйлөгөн. Ал жаңы конуштарда адамдар турак жайын мыйзамдаштыра албай жатканын айтып, президентке жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасына кайрылган.

Бишкек шаардык мэриясы №172 контурда 385 курулуш бар экенин, алардын арасындагы мыйзамга туура келбеген 236 объект буздуруларын билдирген. Аларды бузуу иши тургундардын каршылыгы менен коштолуп жатат. Сөз болуп жаткан аймакка үй жана башка курулуштарды куруп алгандар жерди мыйзамдуу сатып алганын айтышууда.

Мэрия бул аймакка жер мунапысы берилбей турганын, себеби мыйзам боюнча 2021-жылдын 31-декабрына чейин курулган үйлөрдү мыйзамдаштырса болорун кабарлады. Шаар бийлиги Көк-Жар жаңы конушундагы үйлөр 2021-жылдан кийин салынганын кошумчалаган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине мыйзамсыз турак үйлөрдү курууга уруксат берген деген шек менен төрт кишини кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлууда. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG