Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Бообек Ажикеевге генерал-лейтенант аскердик наамы ыйгарылды


Садыр Жапаров жана Бообек Ажикеев. Архив.
Садыр Жапаров жана Бообек Ажикеев. Архив.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге генерал-лейтенант жогорку аскердик наамы ыйгарылды.

60 жаштагы Бообек Ажикеев 2020-жылдан бери министр кызматын аркалап келатат. Ал Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөн.

1987-жылы Томск инженердик-курулуш институтун өнөр жай жана жарандык курулуш багыты боюнча аяктап, инженер-куруучу адистигине ээ болгон. 2007-2010-жылдары Кыргыз политехникалык институтунда бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча билим алган.

Садыр Жапаров быйыл май айында жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү аткарбагандыгы үчүн деген негизде Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берген. Буга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердик бөлүктөрүнүн биринде болгон чоңсунуу себеп болгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG