25 жаштагы Айтургандын өлүмү боюнча жолдошу үч жылдык пробация жазасын алды

Айтурган Маматкулова жолдошуна турмушка чыккан учурда түшкөн сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук соту 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу жолдошун (Н.Т.Н.) беш жылга абакка кесип, үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарды. Мындай өкүм 2-июлда чыкканы 18-августта белгилүү болду.

Айтурган Маматкулова 2024-жылы 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан. Маркумдун жакындары кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгонун, буга чейин да зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин билдиришкен.

Жолдошу былтыр август айынын аягында кармалып, ага Кылмыш-Жаза кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен айып тагылган.

Айтурган Маматкулова - Оштун тургуну болчу. Социалдык тармактарда келиндин өлүмүнүн себептерин аныктап, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу боюнча талаптар жазылган.

Ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тергеген. Алгач факты боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү тергөөгө чейинки териштирүү баштаган. Баштапкы экспертизада “Полидорго уулануу, өз жанын кыюу. Жүрөк-кан тамыр курч жетишсиздиги” деген корутунду берилген. Андан ары окуяны тактоо үчүн иш Октябрь райондук милициясына өткөрүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиянын соккусу Харьковдо көп кабаттуу үйгө тийип, беш кишинин өмүрү кыйылды Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кармалдыЗеленский Трамп менен жолугуу үчүн Вашингтонго бардыЖарандык активист Бекназар Айталиев 6-октябрга чейин камалдыМинистрлик мал-жандыкты экспорттоо азайганын билдирдиFox News Мелания Трамптын Путинге жазган катынын мазмунун жарыялады “Кыргызфильмдин” директору кызматтан кетүү боюнча арыз жазды