Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы борбордо апасын өлтүрүүгө шек саналып кармалганын билдирди.
Райондук милициянын маалыматы боюнча, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, шектүү Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.
Kaktus.media порталы укук коргоо органдарындагы жеке булагына шилтеме берип, окуя борбордун Манас жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кабат үйлөрдүн биринде болгонун, 49 жаштагы аял киши мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн жазды. (BTo)