Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарда кесиптештеринен сексуалдык ыдык көргөн аялдардын арызданган бир нече окуясы белгилүү болду.
Ош шаарындагы каналдардын жээктери бошотулуп, корук зонасы ачылууда. Шаарды жети канал жана бир дарыя аралап өтөт. Көбү тосуп алышкандыктан элдин каналдар тууралуу маалыматы дээрлик жок болчу. Мэрия бул каналдардын, Ак-Буура дарыясын ээлеп алгандардын арасында чиновниктер бар экенин билдирген.
Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз тилкелерге турак жай салып, үйү түрттүрүлүп жаткандарга МИК аркылуу үй берүүнү тапшырганын билдирди. Көк-Жар конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине салынган имараттарды буздуруу учурунда чыр чыккан. Мындай көрүнүш башка конуштарда да чыгышы мүмкүн.
Аляскада АКШ лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүсү аяктады. Эки лидер Алясканын борбору Анкориждеги "Элмендорф-Ричардсон" аскердик аэродромунда жолукту. Аляскада президент Путин беш саатка чукул болду.
Чолпон-Атадагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны жыйынтыкталды. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары өткөн он жылда уюмдун бир катар жетишкендиктерин санашып, мунун менен катар чектөөлөрдүн алигүнчө алынбай келатканы сөз болду.
АКШнын лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин 15-августта Аляскада жолугуп, Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү өткөрөт. Европалык лидерлер бул планды кубаттап, ошол эле маалда Украина менен Европанын коопсуздугуна байланышкан кызыкчылыкты коргоо зарыл дешет.
Кыргыз өкмөтү эттин баасын көзөмөлгө алып, үч айлык көзөмөл киргизмей болду. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында, мындан ары аймактарда жана борбордо эттин баасы 650-690 сомдон сатылууга тийиш.
Чолпон-Атада Орусиянын өкмөт башчысы Мишустин катышкан экономикалык форум өтүүдө. Украинага согуш ачкандан бери эл аралык санкцияга туш болгон Орусия Кыргызстан менен байланышын бекемдөө аракетинде. Ошол эле маалда кыргыз мигранттары Кремлдин катаал саясатынын кесепетин тартып турган маалы.
Нарында эки айыл менен облус борборунун ортосундагы жалгыз көпүрө кыйрап, кырсыкта сууга аккан бир адамдын сөөгү изделип жатат.
Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Өскөн Даникеев 14-августта 90 жашында көз жумду.
10 жыл мурда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бажы бекеттер алынып, Евразия экономикалык биримдигинин жол-жобосу күчүнө кирген. Эң ири экономикалык бирикмеге мүчө болгондон кийин өлкө экономикасы, өнөр жайы жана Орусияда иштеген мигранттар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт деген убада болгон эле.
Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган 91 миң жараны 10-сентябрдан кийин өлкөгө кайтарылышы мүмкүн. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим киргизилгенден бери мындагы чет элдиктерди текшерүү күч алган.
Дагы жүктөңүз